БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Өлкөдө 526 мектеп КРВИ жана гриппке байланыштуу онлайн-окууга өткөрүлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ошондой эле инкубациялык мезгилге байланыштуу 403 бала бакча убактылуу жабылган.
"Анткен менен өткөн аптага салыштырмалуу илдетти жуктуруп алгандар 11,7 пайызга азайып, 37 миң 629 учур катталган. Ооругандардын 72,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт", — деп министрликтен билдиришти.