БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. 17-19-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда көчкү түшүп, күрткү жаралып, жолдор тайгак болот. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Көчкү төмөнкү жерлерде кооптуулук жаратууда:
Бишкек – Ош жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 68-74, 86-101-чакырымында (Чапчыма ашуусу) ;
Красная Горка – Ак-Таш жолунун 0-3-чакырымында;
Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 65-110-чакырымында;
Каракол – Эңилчек жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу);
Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад жолунун 326-349-чакырымында (Көк-Арт ашуусу).
ӨКМ жолго сапарга чыккан жолоочуларды автоунаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты кармап жүрүүнү эскертти.