Өкмөт: мамкызматкерлерге корпоратив болбойт, бирок балдарга майрам уюштурулушу керек

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинен мамлекеттик органдарга корпоратив өткөрүүгө, жетекчилерине кызматкерлерден белек алууга тыюу салып, чектөө бөбөктөргө арналган иш-чараларга тиешелүү эместигин билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул чара ашыкча чыгымдарды алдын алуу максатында кабыл алынганын белгилеген.
"Айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр. Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамын чектөөгө болбойт. Жаңы жыл — балдар жылдап күтүп келген өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла", — деген Касымалиев.
Экология министрлиги элди жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырды