БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун каржылоонун шарттары аныкталды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка караганда, макулдашууга “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы (Биргелешкен долбоордук компания) менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Банктар синдикаты кол койгон.
“Долбоордун баасы 4,7 миллиард доллар. Кытай банктарынын синдикаты сумманын жарымын, тагыраагы, 2,3 миллиард долларды 35 жылга кредитке берет. Калган 2,3 миллиард доллардын 51 пайызын Кытай камсыздаса, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5 пайыздан берет”, — деди министрлер кабинети.
Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Биргелешкен долбоордук компаниянын ортосундагы инвестициялык макулдашууга ылайык, каржы маселелери 2025-жылдын 20-декабрына чейин толук камсыз кылынышы керектигин белгиледи.
Ал эми “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКнын башкы директору Чжоу Син ортодогу келишим чогулган каражатты натыйжалуу пайдаланып, өз убагында ишке ашырууну камсыздай турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Анын алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрөнүн жана 29 туннелдин курулушу каралган. Жалпы узундугу 304 чакырымдан ашат.