Бишкекте соттолгондордун эмгектеринин көргөзмөсү өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкекте 18-декабрь күнү соттолгондордун эмгектеринин "Үмүттүн кыл калеми" аттуу көргөзмөсү болот. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы кабарлады.
Экспозиция Эмен багында жайгашкан Чуйков атындагы көркөм галереяда өтөт (Пушкин көчөсү, 78а).
1 / 5

Бишкекте 18-декабрь күнү соттолгондордун эмгектеринин "Үмүттүн кыл калеми" аттуу көргөзмөсү болот

2 / 5

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы кабарлады

3 / 5

Экспозиция Эмен багында жайгашкан Чуйков атындагы көркөм галереяда өтөт (Пушкин көчөсү, 78а)

4 / 5

"Үмүттүн кыл калеми" аттуу көргөзмөсүндөгү сүрөт

5 / 5

"Үмүттүн кыл калеми" аттуу көргөзмөсүндөгү сүрөт

"Бул эмгектер – кайрадан өзүнө ишенүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана өзгөрүүлөргө карай умтулууга үйрөнүп жаткан адамдардын үнү", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын программасы:
соттолгондордун көркөм жана колдонмо иштеринин бет ачары;
камактагыларды жана алардын үй-бүлөсүн колдоо үчүн экспонаттарды сатуу;
ресоциалдашуунун жана социалдык колдоонун мааниси жөнүндө ачык диалог.
Андрей Стенин атындагы XI эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды