Узак жашоонун сыры биринчи кезекте туура жашоо образын кармануудан башталат. Денисак жана табигый тамактануу организмдин күчүн сактап, карылыкты жайлатат. Күн сайын кыймылда болуу — сейилдөө, көнүгүү же жеңил спорт — жүрөк-кан тамыр системасын чыңдайт жана иммунитетти бекемдейт. Психикалык ден соолукту коргоода өтө маанилүү: стрессти туура башкара билүү, эмоцияны көзөмөлдөө жана ички тынчтыкка умтулуу адамдын узак жашоосуна түздөн-түз таасир этет. Жакындары менен жылуу мамиледе болуп, социалдык байланыштарды сактоо өмүргө жагымдуу маанай берет. Мээни дайыма иштетүү — китеп окуу, ой жүгүртүүнү өстүргөн иштер менен алектенүү — акыл-эс курчтугун узак убакытка сактоого жардам берет. Бул тууралуу кененирээк "Көз мончок" тыңдаңыздар.