Саламаттык сактоо министринин орун басарлары алмашты. Алардын бирөө — депутат

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов саламаттык сактоо министринин жаңы дайындалган орун басарларын жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Өкмөттүн тескемесине ылайык, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Айбек Маткеримов министрдин биринчи орун басары кызматына бекиген. Ал эми Бакытбек Кадыралиев менен Рыспек Сыдыгалиев орун басар болгон. Үчөө тең — кесиби боюнча дарыгер.
1 / 2

Айбек Маткеримов

2 / 2

Бакытбек Кадыралиев менен Рыспек Сыдыгалиев

Белгилей кетсек, өлкө башчынын 1-декабрь күнү чыккан жарлыгы менен Каныбек Досмамбетов министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал буга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп иштеген.
Бийлик тармакка чекистти алып келүү менен узак убакыттан бери түзүлүп калган коррупциялык схемаларды жоюуну көздөп жатканы айтылган.
Саламаттык сактоо министри кетип, милдети УКМКнын кызматкерине жүктөлдү. Себеби