Кыргызстан Казакстандан мунай ташый баштады. Жыл аягына чейин 30 миң тонна келет

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Казакстандын "КазТрансОйл" компаниясы Кыргызстанга ташылып жаткан мунайдын көлөмү көбөйгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдан кийин токтоп калган мунай жеткирүү быйыл ноябрь айында кайра жанданган. Компания ушул жылдын аягына чейин Кыргызстанга болжол менен 30 миң тонна мунай жөнөтүүнү пландоодо.
Мунай магистралдык куурлар аркылуу "Шагыр" мунай куюу пунктуна чейин жеткирилет. Ал жерден отун темир жол цистерналарына куюлат. Кыргызстанда мунай иштетүүчү бир нече завод бар.
Күйүүчү май боюнча абал кандай? Өкмөттүн соңку маалыматы