Казыяттын мурдагы өкүлү массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Казыяттын мурдагы өкүлү массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
ИИМ Муктарбек Жусупбеков деген кишинин мурдагы депутат Шайлообек Атазов менен автоунаада отурган сүрөтүн жана шектүүнүн телефон менен сүйлөшкөн видеосун жарыялады.
Атазов буга чейин массалык башаламандыкка даярдык көрүүгө шектелип кармалган. Ишти тергөөнүн алкагында Бишкектин аймагында жыйындарды уюштуруп, мамлекеттик саясатка макул эместигин билдирип, массалык башаламандыкка үгүттөп жүргөн жаран аныкталган.
"Тинтүүнүн жүрүшүндө М. Ж. жашаган жерден жана ага таандык машинадан уюлдук беш телефон, чет өлкөлүк номерлер, кол жазмалар бар эки күндөлүк, араб тилиндеги китептер жана эки рация табылды", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Биринчи май райондук соту 5-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөө уланып жатканы белгиленди.
Бийликти басып алууга даярданган деп шектелгендер тергөө абагына киргизилди