БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Латын Америкасындагы наркокартелдерге каршы жакын арада жерден сокку урула баштаарын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Америка лидеринин айтымында, бул аракет Венесуэлага каршы жасалган сокку деп эсептелбейт, алар баңгизат ташыган жана “америкалык жарандарды өлтүрүп жаткан” адамдарга багытталат.
“Биз деңиз аркылуу келген баңгизаттын 96 пайызын токтоттук, эми кийинки аракетибиз кургакта уланат. Ал алда канча жеңил болуп, жакын арада ишке аша баштайт”, — деген Трамп.
Flightradar24 порталынын маалыматына ылайык, жума күнү Американын аскер учактары Венесуэланын жээктерине жакын учуп барып келишкен. Андан башка да чалгындоо, өзөктүк курал алып жүрө алган бомбалоочу учактары да аталган аймактардан байкалууда.
Кариб деңизиндеги абал
Акыркы бир нече айда АКШ Куралдуу күчтөрүн колдонуп, баңгизат ташыды деп шектелген кайыктарды жок кылган учурлар катталган. Вашингтондун билдирүүсүнө ылайык, мындай операциялар трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизат соодасына каршы күрөшүү максатында жүргүзүлүүдө.
Мунун айынан эки тараптын мамилеси бир топ курчуп кетти. Ак үй ЦРУга Венесуэлада өкмөттү туруксуздаштыруу максатында жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген. Венесуэланын президенти Николас Мадуро террордук уюмдарды АКШга баңгизат жеткирүү үчүн пайдаланат деп айыпталууда.
Reuters агенттиги америкалык аткаминерлерге таянып жазгандай, АКШ Венесуэлага каршы операциялардын жаңы этабын баштоого даярданып жатат, анын ичинде Мадурону бийликтен кулатуу мүмкүнчүлүгү да бар.
Декабрдын башында Пентагондун басма сөз катчысы Кингсли Уилсон АКШ мындай сценарий боюнча план иштеп чыгып жатканын тастыктап, бул сыяктуу чечимдер Башкы кол башчы катары Трамптын ыйгарым укугунда экенин белгилеген. Ошол эле учурда ал буга чейин колдонулуп жаткан аскердик күч эл аралык укукка шайкеш келерин айткан.