Бишкекте "Атом" даректүү тасмасынын атайын көрсөтүүсү болду

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде режиссёр Оливер Стоундун "Атом" даректүү тасмасынын атайын көрсөтүүсү өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Иш-чараны Росатом уюштуруп, ага 300дөн ашык студент катышкан.
1 / 3

Кыргыз-Россия Славян университетинде режиссёр Оливер Стоундун "Атом" даректүү тасмасынын атайын көрсөтүүсү өттү

2 / 3

Иш-чараны Росатом уюштуруп, ага 300дөн ашык студент катышкан

3 / 3

Тасманын дүйнөлүк премьерасы 2022-жылы Венеция кинофестивалынын документалдык кино секциясында өткөн

"Тасма белгилүү долбоорлорду талдоо принциби менен жаралган. Анда Россия, АКШ жана Франциянын көмүртектин көлөмүн азайтуу максатында кайра жаралуучу энергия булактарын атомдук станциялар менен айкалыштырып, ийгиликтүү колдонгон мисалдары келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Тасманын дүйнөлүк премьерасы 2022-жылы Венеция кинофестивалынын документалдык кино секциясында өткөн. Андан соң фильм Өзбекстан, Кытай, Түркия, Монголия, Мьянма, Россия, Венгрия, Индия жана Бангладеште көрсөтүлгөн.
Пресс-борбор
КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен кино долбоорлору кантип өнүгүүдө