"Мага эл керек!" Ташиев ага тургундарды жакындатпай койгон Баткен бийлигин зекиди

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Баткендин Раззаков айылынын жашоочулары менен жолугушууга барган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ага элди жакындатпай убара тарткан облус жетекчилигине нааразы болду.
"Мага спектаклдин кереги жок, мага эл керек. Жасалма жолугушуу кылсаңар, капа болбогула. Эмнеден коркосуңар? Тескерисинче, эл менен жолугуп, алар менен баарлашып, көйгөйлөрүн угуп чечиш керек", — деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев канча тууганы жоопко тартылганын айтып берди