БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстан мультимодалдык каттамдарды өнүктүрүүгө, учурдагы коридорлорду кеңейтүүгө, жаңы биргелешкен логистикалык чынжырларды түзүүгө катышууга даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган форумда билдирди.
Өлкө башчы аталган багыттар боюнча өз ара кызматташуунун келечеги кең экенин белгиледи.
"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу сыяктуу долбоорлор өз ара пайдалуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деди президент.
Жапаров ошондой эле Түркмөнстандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусун чыңдоого активдүү катышканын белгиледи.