БШК 87 адамды Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда 87 адамды Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады.
Комиссия мүчөлөрү 29 округдан шайланган депутаттарды каттоо жана аларга күбөлүк менен төш белги тапшыруу боюнча токтом кабыл алышты. Комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров VIII чакырылыштын биринчи жыйыны 17-декабрга пландалып жатканын билдирди.
Буга чейин БШК №13 округдагы айрым мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган болчу.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өттү. Бул ирет өнөктүк жаңы система менен жүрдү. Өлкө аймагы 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланып келди. Буга чейин БШК 29 округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитип, мандат алуучулардын тизмесин жарыялаган.
Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары манжанын изи менен добуш бермекчи