БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 13-декабрь, ишембиде, айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +4...+9 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2...+3 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада +7…+9, Ош шаарында +12...+14 градуска көтөрүлөт.