Мектептерде психологиялык басым күчөп жатат. Ата-энелер менен мугалимдер эмне кылышы керек?

Sputnik
Өлкөнүн жети облусунда жана эки шаарында жайгашкан 50 мамлекеттик мектепте жалпы билим берүү мекемелериндеги зомбулук боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөгө 10жаштан 17 жашка чейинки окуучулар, алардын ата-энелери, мугалимдер жана адистер катышып, мектептердеги учурдагы жагдай боюнча маанилүү маалыматтар чогулду. Ага ылайык, акыркы убакта мектептерде эң көп кездешип жаткан зомбулук түрү — психологиялы кзомбулук. Андан кийинки орунда физикалык зомбулук жана кибербуллинг турат. Өзгөчө көңүл бураарлык жагы — физикалык зомбулук тез арада байкалса, психологиялык зомбулук көп учурда узак мөөнөттүү таасир калтырып, узакка созулат. Бүгүнкү "Ачык кеп" берүүбүздө зомбулуктун себептери, аны алдын алуу аракеттери тууралуу Агартуу министрлигинин тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алтынбек Эркимбеков менен маектештик.