Экология министрлиги элди жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. – Sputnik. Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги элди жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырды.
Мындай чечим пиротехника абаны булгай турганына байланыштуу кабыл алынган.
“Кыш мезгилинде ансыз да абаны булгоочу заттардын концентрациясы жогорулайт. Мындан тышкары, пиротехникалык буюмдар таштандынын көлөмүн көбөйтүп, өрт чыгуу коркунучун жогорулатат”, - деп айтылат маалыматта.
Министрлик салюттардын ордуна жарык инсталляцияларын, LED-иллюминацияларды жана дрон-шоуларды колдонсо боло турганын белгиледи. Ведомство ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, шаарлардын мэрияларына жана жергиликтүү бийлик органдарына жаңы жылдык салюттардан баш тартууну камсыз кылууну сунуштады.
Көлдүн тебеленди болгон аймактарына кам көрүү аракети жүрүп жатат