БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Европа Биримдиги Түркиянын ээлигинде болгон россиялык С-400 абадан коргонгон ракеталык комплексин сатып алып, аны Украинага берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бул туурасында кырдаалдан кабары болгон дипломатиялык маалымат булагы билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жакында Түркия менен АКШнын ортосундагы чыңалган маселени чеберлик менен чечүүгө көмөктөшүү туурасында бир ой пайда болду. АКШ буга чейин НАТОнун союздашы россиялык курал-жарак сатып алганына катуу нааразы болуп келген. Идеянын өзөгү — Европа Биримдигинин Түркиядан С-400 комплексин сатып алышында турат", — деп агенттиктин маектеши айтып берди.
Азыр ЕБде бул маселени Украинага жардам көрсөтүүнүн алкагында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда.
"Мындай ишке Украинага курал сатып алууга буга чейин эле каралган жалпы каражатты колдонсо болот. Ал акчага баары бир бир нерсе сатып алынышы керек", — деп кошумчалады маалымат булагы.
Ал белгилегендей, С-400дү сатуу Түркияга АКШ менен F-35 истребителдерин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга шарт түзмөк. Бул сүйлөшүүлөр Анкара Россиянын абадан коргонуу системасын сатып алганына байланыштуу токтотулган эле.
"Кандай болсо да, Түркия С-400 боюнча бир чечим кабыл алууга аргасыз. Ошондуктан бул идеянын мааниси — аларды сатып, каражат алуу, АКШ менен мамилени оңдоо. Ал эми Европа биримдиги бул жагдайда жөн гана эсеп жүргүзгөн тарап эмес, тескерисинче, жардам көрсөткөн демөөрчү катары көрүнмөк", — деп жыйынтыктады маектеш.