Өлүм жазасы: ТИМ Конституциялык соттун чечиминен кийин билдирүү жасады

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Өлүм жазасы боюнча Конституциялык соттун кечээ жасаган билдирүүсүнөн кийин Тышкы иштер министрлиги үн катты жасады.
Ведомство Кыргызстан кошулган Экинчи факультативдик протокол өлүм жазасын кайтарууга тыюу салып, бул милдеттенмеден баш тартуу механизми каралбаганын айткан. Өлүм жазасын кайтаруу муну бузууга алып келе тургандыгын кошумчаланган.
"Кыргызстан укуктук мамлекет катары мындан ары да өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткара берет", — деп жазылган маалыматта.
Бирок бийлик аялдарга жана балдарга каршы кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча иштерди улантарын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ Конституциялык сот жазасын кайтарууга жол берилбейт деген жыйынтык чыгарган. Конституциялык сот өлүм жазасын калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келген.
Эскерте кетсек, өлүм жазасын кайра киргизүү тууралуу сентябрдын аягында Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнөн кийин айтыла баштаган. Окуя боюнча билдирүү жасаган президент Садыр Жапаров жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү сунуштаган. Конституцияга киргизилчү өзгөртүү 13-октябрда коомдук талкууга илинген болчу.
Кытайда компаниянын экс-директору пара алганы үчүн өлүм жазасына тартылды