БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 12-декабрь, жума күнү, айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас аймагында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көлдө +2...+7 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2...+3 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +13...+15 градуска көтөрүлөт.