БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-12-декабрда Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.