БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптери кыргыз элинин нарк-насили менен салт-санаасына шайкеш келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Адам укуктарынын күнү менен куттуктоосунда айтылды.
Өлкө башчысы кыргыз эли үчүн байыртадан эле адилеттүүлүк, эркиндик, адамдын ар-намысы менен кадыр-баркы эң жогорку баалуулук болуп саналганын белгилеген.
"Биз жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, саламаттык сактоого жана социалдык кызматтарга жетүүнү камсыз кылууга өзгөчө маани беребиз", — деген президент.
Ошондой эле ар бир жарандын адамдык ар-намысын, кадыр-баркын, көп түрдүү пикирин жана элибиздин руханий жана маданий баалуулуктарын урматтоого чакырган.