Трамп: Украинада президенттик шайлоо өткөрчү убакыт келди

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинада президенттик шайлоо өткөрүүгө убакыт келгенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Украинанын жашоочуларында тандоо болушу керектигин белгилеген.
"Көп убакыт өттү. Учурда баары жайында эмес... Менимче, азыр шайлоо өткөрүүгө эң ыңгайлуу учур болуп турат. Алар шайлоо өткөрбөш үчүн согушту шылтоо кылып жатышат. Бирок украин элинин мындай тандоосу болушу керек деп ойлойм", — деди Трамп.
Ак үйдүн башчысы Украинадагы абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселесин да козгоп, Владимир Зеленскийди америкалык сунушту карап чыгууга чакырды. Ал ошондой эле Укриананын НАТОго мүчө болуу мүмкүнчүлүгү боюнча комментарий берген.
"Чынын айтсам, Украина НАТОго кирбейт деген түшүнүк Путин президент болгонго чейин, көп жылдар мурун эле бар болчу", — деди АКШ президенти.
Трамп Зеленскийди "соодагер" деп атап, Украина кыйла жерин жоготконун белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg: АКШ Европаны украин согушу чечүүчү этапка келгенде сынга алды