Чарчабай иштөө үчүн жумуш орунду кантип уюштуруу керек?

Sputnik
Заман өзгөрүп, технологиялар өнүккөн мезгилде көпчүлүгүбүз күндүн көп бөлүгүн компьютер, телефон алдында өткөрөбүз. Узак бою экран алдында отуруу көз, моюн, бел жана буттардын чарчоосуна, уйку жана психикалык абалдын бузулушуна себепкер болот. Көздүн чарчоосу, баш оору жана моюн-бел оорулары компьютерде туура эмес иштегендин белгилери. Бул көйгөйлөрдү алдын алууга болот жана бул үчүн жөнөкөй ыкмалар бар: экрандын бийиктигин туура коюу, жарыкты жөнгө салуу, бөлмөнүн абасын нымдуу кармоо, шрифтти чоңойтуу жана 20–20–20 эрежесин кармануу. Мындан тышкары, туура отуруу, ар саат сайын сунулуу жана денени кыймылдатуу, туура дем алуу, эшикке чыгып сейилдөө жана сууну жетиштүү ичүү жардам берет.
Бул тууралуу кененирээк “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.