Алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоин — артыкчылыктары жана келечеги

Sputnik
Кыргызстан санариптик экономикага маанилүү кадам таштап, алтын менен толук камсыздалган USDKG аттуу улуттук стейблкоинди расмий түрдө жүгүртүүгө чыгарды. Tron блокчейн түйүнүндө иштеген бул токендин жалпы көлөмү 50 миллион даананы түзүп, ар бири бир долларга барабар. Кыргыз стейблкоини алтын менен камсыздалганы менен айырмаланып, туруктуулугун камсыз кылат. Деги эле стейблкоин деген эмне? Ал кантип иштейт жана кандай артыкчылыктары бар? Жарандар кантип пайдалана алышат? Ал кимдер үчүн пайда алып келет? Ал эми коопсуз жагы жана келечеги кандай болот? Ушул жана башка суроолорубузга “Виртуалдык активдер эмитенти” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрөгасы Бийболот Мамытовдон жооп ала алдык.