Зардалыга бара турган жол жакында пайдаланууга берилет. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Зардалыга бара турган жол жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кечээ, 6-декабрда, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев аталган жолдун курулуш иштеринен кабар алды.
“17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнү куруу иштери 95 пайызга бүттү”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылы Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жол салынарын, чакан ГЭС куруларын билдирген.
Садыр Жапаров Зардалы айылына тез жардам унаасын берди