Тоолордо -33 градуска чейин суук болот. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, 8-9-10-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы көпчүлүк аймактарда секундасына 15-20 метрге, ал эми Ысык-Көлдүн акваториясында19-24 метрге чейин жетет. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Чүй, Талас
Аптанын башында көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. 9-10-декабрда туман түшөт. 11-12-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз тоолордо кар жаашы мүмкүн. 13-14-декабрда кайрадан айрым жерлерде кар жаайт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Облустардын көпчүлүк аймагында шаршембиге чейин кар, айрым жерлеринде катуу жаан-чачын жаап, туман түшөт. 11-декабрда өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт, тоолордо кар жаайт. Анткен менен жума күндөн баштап кайрадан кар жаай баштайт.
Ысык-Көл, Нарын
8-10-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 11–13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 14-декабрда кайрадан айрым жерлерде кар жаашы ыктымал.
Дүйшөмбүдөн тартып өлкөдө аба ырайы бузулуп, кар жаап, туман каптайт