БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келе жаткан жумада күндүн көзү бузулуп, суук түшө тургандыгын билдирди.
8-9-10-декабрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда күрткү пайда болот.
Кыргызгидромет кызматынын божомолу боюнча, 10-11-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн термометр -4…-9 градусту көрсөтөт.
Ысык-Көлдө абанын муздактыгы түнү ...-17 градус болсо, Нарында суук -18…-23 градуска жетет.