Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Европа лидерлери Зеленскийди Россиянын талабына көнбөөгө чакырып жатышат

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Европа лидерлери Владимир Зеленскийден эгер АКШ тараптан коопсуздук кепилдиги берилбесе Россиянын шартына макул болбоону талап кылып жатышат. Бул тууралуу өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Wall Street Journal жазды.
Мындай сөз дүйшөмбү күнү Зеленскийдин ЕБ лидерлери менен телефондон сүйлөшүүсү учурунда айтылган. Ага Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Фридрих Мерц жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен катышканы белгилүү болду. ЕБ жетекчилери Украина түзө турган келишимдерде камтылчу коопсуздук кепилдик жаатында АКШ чечүүчү ролду ойной турганын айтышкан.
Гезитте Макрондун Киев макулдашуунун шартын кабыл алардан мурда Вашингтон аны кантип коргоп каларын ачык көрсөтүшү керек дегени жазылат.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин 2-декабрь күнү Кремлде АКШнын Украина боюнча планын талкуулоо үчүн өлкө жетекчиси Дональд Трамптын өкүлү Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнерди кабыл алган. Жолугушуунун соңу менен Путин америкалык тарап 27 пунктуну төрт пакетке бөлүп. ар бирин өзүнчө кароону сунуштаганын билдирди.
Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Кремлдеги сүйлөшүү маани-маңыздуу өткөнүн белгилеген болчу. Тараптар мунасага келбегени менен ишти улантууну макулдашышкан.
Ал эми РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков киев режими бир чечимге келип, сүйлөшүүнү башташы керектигин, болбосо Россия армиясы күн өткөн сайын макулдашуунун шартын катаалдата берерин белгилеген. Кремлдин өкүлү убакытты создуктура берүүнүн пайдасыз жана кооптуу экенин эскерткен.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио буга чейин Европа мамлекеттери украин жаңжалын жөнгө салууга кудуретсиз экенин айткан.
Путин: Зеленский улутчулдардын кызыкчылыгын украин элинен жогору коюуда