Вэнс Украина боюнча жакын арада жакшы жаңылык болоруна ишеним артты

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жакынкы жумаларда украин жаңжалын жөнгө салуу жаатында жакшы жаңылык күтүп жатканын NBC телеканалына маек куруп жатып айтты.
"Мен чындап эле чоң ийгиликке жетиштик деп эсептейм, бирок азырынча аягына чыга элекпиз. Ишеним, үмүт бар, бул жаатта бир нече аптадан кийин жагымдуу жаңылык болот деген ойдомун", — деген Вэнс.
Эскерте кетсек, 2-декабрь күнү Россия президенти Владимир Путин Кремлде АКШнын Украина боюнча планын талкуулоо үчүн өлкө жетекчиси Дональд Трамптын өкүлү Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнерди кабыл алган. Жолугушуунун соңу менен Путин америкалык тарап 27 пунктуну төрт пакетке бөлүп, ар бирин өзүнчө кароону сунуштаганын билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Европа лидерлери Зеленскийди Россиянын талабына көнбөөгө чакырып жатышат