БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Украинадагы жаңжалдын жүрүшүндө НАТО менен Евробиримдик болгон-бүткөн жашоосун "украин долбооруна" байлап коюп, эми кыйроо алдында турат. Бул тууралуу Пентагондун мурунку кеңешчиси Дуглас Макгрегор Улуу Британиянын Жумушчулар партиясынын башчысы Жорж Гэллоуэйдин YouTube каналында маектешип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Украина мамлекет катары жок болуп бара жатат. Бул жашыруун эмес. Бирок Украина менен украин долбоорунун кыйрашы жана Россия менен болгон тирешүү НАТОнун, аны менен бирге Европа биримдигинин талкаланышын шарттап жатат. АКШ президенти НАТОнун кийинки жумада өтө турган саммитине катышпайм деди, ага бул жолугушуунун кереги жок, анткени булар менен талкуулай турган маселе жок. Альянстагылар сөзү да, аракети да эч мааниге ээ болбой калган деңгээлге жетишти", — деген эксперт.
Макгрегордун айтымында, ушул себептен улам Батышта "россиялык коркунуч" катуу колдонулуп келет. Адистин айтымында, Түндүк атлантикалык альянс ураалаган бир да максатына жеткен жок, маани-маңызы жоголду, анткени блоктун бир да мүчөсү Киев үчүн өзүн курмандыкка чалбайт.
"Британияда болобу, Франция же Германиядабы, акыл-эми жайында болгон бир да адам "Украина" деген чөгүп бараткан кемеге кошулуп, Россиянын чабуулун токтотуу үчүн чыгышка кадам таштабайт. Буга кызыкчылык да, зарылдык да жок. Ал эми Путин тийиштүү көлөмдө гана күч колдонуп, алдыны көрө билген көсөмдүгүн көрсөттү", — деди Макгрегор.
Россия акыркы жылдары НАТО батыш тарабындагы чек арасына улам жакындап келе жатканын айтып коңгуроо кагып келген. Альянс муну агрессияны ооздуктоо деп атайт. Москва блоктун Европада күчүн арттырып жатканына да нааразы болгон. Тышкы иштер министрлиги альянс менен тең укуктуу диалогго ачык экенин, ал эми Батыш аймакты милитаризациялоо оюнан кайтышы керектигин дайым айтып келет.