БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Турак жай программасынын катышуучулары үйлөрдүн сапаты жана өзүнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданбашы керек. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" ААКнын калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал Бишкектин Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан 40 кабаттуу үйлөр жөнүндө айтып берди.
“Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" ААКнын калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева
© Sputnik / Жантай Макенов
“Турак жай комплекси 35 кабаттуу он үйдөн жана 40 кабаттуу төрт үйдөн турат. Батирлердин жалпы саны — 4 160. Анда үч деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай, спорттук жана балдар аянтчалары каралган. Көптөр Бишкекте мындай көп кабаттуу үйлөрдү тургузууга болобу деген суроолорду узатышты. Биз бул комплекс сейсмотуруктуулуктун бардык талаптарына жооп берет деп ишенимдүү айта алабыз”, — деди Тотубаева.
Анын айтымында, бардык эсептөөлөр, конструкциялар, коопсуздук нормалары бирдиктүү стандарттар боюнча иштелип чыккан. Жарандар өз коопсуздугу үчүн кабатыр болбошу керек, анткени курулуштун сапаты бир нече этаптуу текшерүүдөн өтөт.
“ГИКте курулуш боюнча бөлүм бар, анын адистери иштин сапатын көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, көзөмөл президенттин иш башкармалыгы жана башкы подрядчы "Кыргызстройсервис" тарабынан жүргүзүлөт”, — деди Тотубаева.