БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 1-январдан тарта кызматтык сапарлар үчүн суткалык акынын өлчөмү жогорулайт. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ага ылайык, 1-январдан тартып:
өлкө аймагы боюнча суткалык акы — 1000 сом (мурда 500 сом болчу);
Бишкек шаары боюнча — 1200 сом.