БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кредит убагында төлөнүп, насыялык тарых таза болсо, батир алууда көйгөй жаралбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) Калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Анын айтымында, үй алуу кезеги келгенде турак жай программасынын катышуучусу келишимде көрсөтүлгөн критерийлерге дал келер-келбесин аныктоо үчүн МИКтин текшерүүсүнөн өтөт.
"Текшерүү учурунда жаран дагы деле үйгө муктажбы, иштеп жатабы же жумушсуз калдыбы деген сыяктуу суроолорго жооп алабыз. Мындан тышкары, кредиттик тарыхка дагы көңүл бурулат. Бирок бизде банктардагыдай эмес. Анткени банктар Улуттук банкка отчет берет. Ал эми биздики социалдык программа болгондуктан негизги максатыбыз — турак жайга муктаж адамдарды үй менен камсыз кылуу", — деди Тотубаева.