БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Дубайдагы ири криптофорумда Binance капчыгынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао бир килограммдык кыргыз алтын куймасын көрсөттү.
Бул "Биткоин токендештирилген алтынга каршы" деген талкуу маалында болгон. Euro Pacific Capital компаниясынын тең негиздөөчүсү Питер Шифф салттуу активдерди коргоп, алтын миңдеген жылдардан бери ишенимдүү жана сактоого ыңгайлуу актив экенин белгиледи.
Ага жооп кылган Чанпэн Чжао реалдуу активдерди санариптештирүү — токендештирүү мүмкүнчүлүгү кеңейип жатканын айтты. Андан соң ал кыргыз алтынынан жасалган куйманы көрсөтүп, токендештирилген алтын жаңы финансылык инструмент катары колдонулуп, валютанын дагы бир формасына айлануу потенциалы бар экенин белгиледи.
"Интернет виртуалдуу, бирок анын баалуулугу бар. Биткоин физикалык түрдө жок, бирок мен 1 BTC жөнөтсөм, транзакция блокчейнде катталат. Дүйнөдө канча алтын бар экенин эч ким билбейт, бирок криптовалюта алтынга байланганда анын канча экенин жана кайда экенин так билебиз", — деди Чжао.
Ал токендештирилген алтын жаңы финансылык механизмдерди түзүп, валюта катары колдонулушу мүмкүн экенин белгиледи.
Эске салсак, Кыргызстан ноябрда реалдуу алтын менен камсыздалган дүйнөдөгү алгачкы мамлекеттик стейблкоинди каттаган.