БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бельгия парламенти өлкө аймагында сакталып турган Россиянын тоңдурулган активдерин Еврокомиссияга берүүдөн баш тартуу чечимин кол чаап колдоп берди. Бул тууралуу Euractiv басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Европа комиссиясынын Россиянын тоңдурулган каражатын Киевге насыя катары берүү планынан улам нааразы болгондордун койгон айыбын четке каккандан кийин премьер-министр Барт де Веверди кол чаап тосуп алышты", — деп айтылат кабарда.
Макалада өкмөт башчы эгер Москванын каражаты эсептен алынып пайдаланыла турган болсо кийинки жоопкерчиликти тең бөлүүнү талап кылганы айтылат. Барт де Вевердин мындай шартына оң жооп болгон эмес.
"Биздин ордубузда ким болсо да ушундай эле талап коймок", — деген премьер-министр.
Россиялык активдердин чоо-жайы
Еврокомиссия Киевге Россиянын тоңдурулган активинен акча бөлдүрүүгө ЕБдин өлкөлөрүнүн жалпы макулдугун ала албай келет. Талкууга 185 миллиарддан 210 миллиард еврого чейинки сумма түшкөн. Аны насыя катары берүүнү карашкан. Согуш аяктап, Москва "материалдык кенемте" төлөсө, Украина алган акчасын кайтарып берет дешкен.
Ал эми каражаттын ээси Москва мындай демилгелерди уурулук деп атап, кеп жеке адамдардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активдери тууралуу болуп жатканын айтып келет.
Атайын операция башталгандан кийин АКШ, G7 өлкөлөрү жана Евробиримдик Россиянын валюталык резервинин дээрлик жарымын, болжол менен 300 миллиард евро өлчөмүндөгү каражатты тоңдуруп салган. Анын ичинен болжол менен 200 миллиард евро ЕБде, негизинен Бельгиядагы Euroclear эсеп-кысап системасында жатат.
Еврокомиссия 2025-жылдын январь-ноябрь аралыгында Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн каражаттан Украинага 18,1 миллиард евро берилгенин жар салган.