БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. 6-декабрь, ишембиде, тоолуу райондорго кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Баткенде +7...+12, Талас аймагында +6...+11, Ош, Жалал-Абад облустарында +8...+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, Нарын чөлкөмүндө 0...+5 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
Күндүн табы борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.