Пресс-борбор

МИК 2026-жылы 20 миң батир берүүнү пландап жатат. Даректер

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кийинки жылы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдөн 20 миңге чукул батир ээсине тапшырылат, анын 4 миңи Бишкек шаарында жайгашкан. Бул тууралуу МИКтин Калк менен иштеөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
МИКтин Калк менен иштеөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева
Адистин айтымында, 2023-жылдан бери компания өлкө аймагы боюнча 4 миң 662 батир берген.
Ал эми турак жай алчулардын кезегинин жай жылышы боюнча Тотубаева МИК өзү 2023-жылдан баштап гана үй курууга киришип, алгачкыларын 2024-жылдан тарта гана бере баштаганын белгиледи.
МИКтин өкүлү 2026-жылы батирлер бир нече этап менен берилерине токтолуп, даректерин айтты:
"Мурас" турай жай комплекси — 2 280 батир;
Волков менен Костанай көчөлөрүнүн кесилишиндеги үй — 1 320 батир;
"Ынтымак" турак жай комплекси — 918 батир;
Тынчтык проспекти менен Горный көчөсүнүн кесилишиндеги үй — 120 батир;
Кара-жыгач конушундагы Бегматов көчөсүн жайгашкан объект — 105 батир;
Чыңгыз Айтматов проспекти, 104 дарегиндеги турак жай — 665 батир;
Лев Толстой көчөсү, 120 дарегиндеги объект — 280 батир.
Каракол шаарында 40тан ашуун аскер кызматкери ипотекалык батир алды