БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 16 документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысы Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту. Тизме:
соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;
өкмөттөр ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
айыл чарба жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
аймактык байланыштар үчүн Пакистандын портторун колдонуу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистандын Коммерция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
энергетика жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
укуктук кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
тоо-кен жана геологиялык илимдер жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
саламаттык сактоо тармагында кызмат көрсөтүүлөр жана хирургиялык аспаптар жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
жаштар программасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
бажы кызматтары ортосундагы электрондук маалымат алмашууну түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Бишкек менен Исламабаддын ортосунда боордош шаарлар мамилелерин орнотуу жөнүндө макулдашуу;
Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык кызмат академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Пакистан Ислам Республикасынын Заманбап тилдер улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.