Садыр Жапаров JF-17 истребителинин штурвалына отурду. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Исламабад шаарындагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркындагы (NASTP) аскердик көргөзмөгө барды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
NASTP — авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Исламабад шаарындагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркындагы (NASTP) аскердик көргөзмөгө барды

2 / 4

NASTP — авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа

3 / 4

Жапаров учкучтун кабинасына кирип, адистер ага борттогу жабдуулар жана кыйраткыч учактын техникалык-эксплуатациялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришкен

4 / 4

Жапаров технологиянын жогорку деңгээлин белгилеп, кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирген

"Жапаров NASTP Alpha экспозицияларын көрүп чыкты. Анда авиациялык техника, радиолокациялык жана коммуникациялык системалар, симуляторлор, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, кибертехнологиялар жаатындагы иштеп чыгуулар жана космос индустриясынын продукциялары көрсөтүлгөн. Президент ошондой эле Кытай менен Пакистан биргеликте иштеп чыккан JF-17 Thunder истребителин көрдү", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров учкучтун кабинасына кирип, адистер ага борттогу жабдуулар жана кыйраткыч учактын техникалык-эксплуатациялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришкен.
"Президентке PAC MFI-17 Mushshak жеңил окуу-машыгуучу учагы, ошондой эле авиация адистерин окутууда маанилүү роль ойногон аба ырайынын ар кандай шарттарында жана кырдаалдарда учкучтук көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген тик учактын окуу симулятору көрсөтүлдү", — деди маалымат кызмат.
Жапаров технологиянын жогорку деңгээлин белгилеп, кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирген.
Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Пакистанга барды. Видео