БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнердин Россия лидери Владимир Путин менен жолугушуусу маани-маңыздуу өткөнүн айтып, Украина үчүн абалды жөнгө салуунун шарты кыйла начарлаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Трамптын айтымында, Уиткофф менен Кушнер Москванын согушту бүтүрүү ниети күч экенине ишендиришкен. Деген менен АКШ лидери жолугушуу эмне натыйжа берерин билбей турганын белгиледи.
Ал ошондой эле Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу шарттары Киев үчүн кыйла начарлаганына токтолгон.
"Зеленский ошондо эле макулдашууга көнүшү керек болчу. Колунда эч кандай көзүрү жок да. Ошол маалда жөнгө салуу үчүн шарт бир топ жакшы болчу. Акылга салбай коюшту. Азыр эми көп нерсе аларга каршы иштейт", — деди Трамп Ак үйдөгү иш-чарада.
Уиткофф менен Кушнер Москвадан келери менен сүйлөшүү тууралуу айтып берип, аны "маңыздуу, негиздүү болду" деп сыпатташкан. Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Киевге да маалымат берилген.
Путин Трамптын өкүлдөрүн шейшемби күнү кабыл алган болчу. Америкалык пландын тегерегиндеги баарлашуу беш саатка созулган, бирок тараптар мунасага келе элек. Ишти улантуу макулдашылып, сүйлөшүүнүн мазмунун купуя сактоо чечилген.