БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тараптар саламдашкандан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аскердик оркестрдин коштоосунда жаңырды. Ардактуу кароол командири саламдашуу рапортун берди.
"Салтанаттын алкагында Садыр Жапаров Ардактуу кароол командиринин коштоосунда килем төшөлгөн жол менен өттү. Кыдыруу аяктаган соң эки мамлекеттин расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен лидерлердин кыскача саламдашуусу болду", — деп айтылат маалыматта.
Расмий салтанаттан кийин мамлекет башчысы жана Пакистандын премьер-министри биргелешип бак отургузууга катышып, андан соң сүйлөшүүлөр үчүн залга бет алышты.