БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстан жакынкы жылдары саламаттык сактоого кеткен чыгымды үч эседен ашык көбөйтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Ал ошондой эле кийинки жылы медиктердин маянасы кыйла жогорулай турганын, ал эми заманбап медициналык инфраструктураны курууга болуп көрбөгөндөй мамлекеттик инвестициялар багытталарын белгиледи.
Эске салсак, президент саламаттык сактоо тармагына мамилени түп-тамырынан бери жаңылоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу милдетин коюп, жаңы министр дайындаган.