БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Европа биримдигиндеги айрым лидерлер Украинадагы жаңжалды создуктуруп, ЕБди аскердик альянска айландырып, Еврокомиссияны бириккен европалык федеративдик мамлекеттин өкмөтүнө окшоштурууну көздөп жатышат. Бул тууралуу РИА Новостиге люксембургдук евродепутат Фернан Картайзер билдирген.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен 23-ноябрда Европа биримдиги Украинанын чек арасынын өзгөрүшүнө каршы экенин жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн алсыратуучу чектөөлөрдү колдобой турганын билдирген. Ал эми Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко Евробиримдик Украинадагы жаңжалды токтотууга жол бербей турганын айткан.
"Чын-чынына келгенде Европа биримдиги тынчтык келишимин ишке ашырууга көмөктөшкөндүн ордуна, тескерисинче, аны токтотуу үчүн баарын жасап жатат. Алар реалдуулукту этибарга албай, Украина өкмөтүнүн радикалдуу талаптарын колдоого алууда. Аймактарды бөлүштүрүү маселесинде башка учурда колдобогон принциптерди коргоп жатат. Мисалы, Сербиянын же Кипр Республикасынын аймактык бүтүндүгү аларга Украинанын бүтүндүгүнө караганда анча маанилүү эместей", — деди Картайзер.
Депутаттын пикиринде, айрым европалык лидерлер Евробиримдикти аскердик альянска айландыруу үчүн жаңжалды созууга умтулуп жатат.
"Европанын айрым лидерлери Евробиримдикти аскердик альянска айландырууну жана Еврокомиссияны мүчө мамлекеттердин макулдугусуз эле бириккен Европанын федеративдик мамлекетинин өкмөтүнө окшоштурууну каалап, жаңжалды создуктурууга умтулуп жатышат", — деди евродепутат.