БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу менен аталган өлкөгө мамлекеттик сапар менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Президентти Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана мамлекет башчысы Асиф Али Зардари, расмий адамдар тосуп алышты.
Жапаровдун урматына 21 жолу замбирек атылган.
Сапардын алкагында Жапаров Пакистандын бийлиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан негизги тармактардагы кызматташууну, эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашмакчы