БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Россия менен АКШнын ортосунда Украина маселеси боюнча бир пикир жок, анткен менен РФ лидери Владимир Путин жана АКШ президентинин өкүлү Стив Уиткоффтун сүйлөшүүсү маңыздуу болду. Бул тууралуу өлкө жетекчисинин жардамчысы Юрий Ушаков айтканын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, тараптар кечээ жолуккан. Уиткоффту Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер коштоп келди. Ушаковдун айтымында, АКШнын Украинада тынчтык орнотуу боюнча сунуштарынын маңызы талкууланган, бирок тараптар мунасага келе элек.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен төмөнкүлөр белгилүү болду:
Москва Вашингтондун баштапкы 28 пунктудан турган планына кошумча дагы төрт документ алды;
сүйлөшүүдө анык бир сунуштар эмес, пландын маңызы талкууланды;
Путин Москва айрым нерселерге макул болушу мүмкүн экенин, бирок кээ бир жери кабыл алынгыс экенин белгиледи;
аймактык маселе көтөрүлүп, Россия менен АКШнын экономикалык алакасынын келечеги талкууланды;
тараптар сүйлөшүүнүн мазмунун ачыктабай турган болушту;
Америка делегациясы Киевге барбай, Кремлдеги жолугушууну АКШда талкуулоону убадалады;
Путин Трампка салам айтып, ишарат жасады;
Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуу ыктымалдыгы сүйлөшүүлөрдөн көз каранды.