БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Конституциялык сот өлүм жазасын кайтаруу сунушун карай турганын, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча президент Садыр Жапаровдун сунуштамасы келип түшкөнүн кабарлады.
Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып өлтүрүлгөндөн кийин өлкө башчысы өлүм жазасын кайтаруу маселесин көтөргөн.
Мыйзам долбоору 13-октябрда коомдук талкууга чыгарылып, ага ылайык, өлүм жазасы балдарды зордуктоо же зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү учурларына карата колдонулушу мүмкүн.
Бирок Акыйкатчы институту мындай чара өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи факультативдик протоколуна каршы келерин билдирип чыккан. БУУ өкүлдөрү да өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эскертип, өлкөнүн эл аралык аброюна доо кетирерин кошумчалашкан.
Кыргызстан өлүм жазасынан баш тартууну караган эл аралык милдеттенмеден чыга турганын дагы БУУга кабарлаган мыйзам долбоорун сунуштады.