Касымалиев: интеллект бааланган доордо майыптарга ыңгайлуу иш орундары түзүлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 221 миң адамдын майыптыгы бар болсо, алардын 37 миңден ашыгы балдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 3-декабрь — ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү. Касымалиев майыптыгы барлардын жашоо-шартын жеңилдетүү үчүн мамлекет материалдык жардам көрсөтүп чектелбестен, билим берүү, кесипке даярдоо, сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү, реабилитация жана абилитация, эмгек рыногунда жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча маселелерди карап жатканын белгиледи.
"Майып болуунун себептерине көңүл бурулуп, автокырсыктарды жана башка кырсыктарды алдын алуу, өлкөнүн ар бир жаранынын ден соолугуна кам көрүп, оору-сыркоолорду ырбатып жибербей айыктыруу боюнча иштер жүрүп жатат", — деди Касымалиев.
Ал ошондой эле кара күчкө эмес, интеллектиге басым жасалып жаткан доордо майыптыгы барларга ыңгайлуу жумуш орундары түзүлүп жатканын кошумчалады.
Ревматизм жүрөк, онкология, баш ооруларын козгойт. Дарыгердин маеги