Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик ооруканаларга жаңы жылдан тарта өз алдынча иш алып барууга мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду.Мындай кадам өлкөдөгү саламаттык сактоону, медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу максатында жасалып жатканы айтылат.Жарлыкта учурдагы башкаруу модели мамлекеттик медицинанын өнүгүшүнө тоскоол болуп, ооруканалар финансы, кадр саясатында өз алдынча чечим кабыл ала албай жатканы белгиленген. Ошондой эле атаандаштык жагынан менчик клиникалардан артта калып кеткени да айтылган.Бирок мындай кадам калкты медициналык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерден ажыратпайт. Тиешелүү министрликтер көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн акы кандай жол менен, канча көлөмдө төлөнө тургандыгы жана жалпы эле финансыга байланыштуу маселелерди жөнгө салып, иштеп чыкмакчы.Бул сынамык тажрыйба 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жасалып, соңунда жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы каралат. Азыр кайсы шыпааканалар жаңы багыт боюнча иш алып бара тургандыгы аныкталып жатат.
Агартуу министрлигинде жеке менчик мектеп ачууну пландап жаткан жарандар менен жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан катышуучулар онлайн дагы кошулушту. Иш-чарада Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова катышуучуларга жаңы лицензиялык талаптар жана лицензияны толугу менен онлайн алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди. Эми жеке мектеп ачуу үчүн эч бир мамлекеттик органга барбастан, бардык документтерди License.edu.gov.kg сайты аркылуу тапшырып, лицензияны электрондук форматта алууга болот. Бул жаңылануу мамлекеттик кызматтарды санариптештирип, ашыкча кагаз иштерин жана кезектерди жоюуну максат кылат. Мындан ары лицензия алуу процесси кыйла жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу болду.
Бишкек шаарынын башкы планы алдыда калаалыктардын кызыкчылыгын коргоого багытталган. Бул туурасында Санкт-Петербургдагы Шаар куруу боюнча илим-изилдөө институтунун директору Павел Спирин документти эксперттер талдап жатканда айтты.Ал борбор калаада жеке курулуш менен коомдук кызыкчылыктардын ортосундагы теңдештик бузулуп, мындан улам курулуш көйгөйлөрү топтолуп калганын белгиледи. Башкы план 2050-жылга чейин инфраструктуранын ар тараптуу өнүгүшүн жана коопсуз, ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүшү керектигине токтолду.Россиялык адис долбоорду иштеп чыккандар шаардыктардын сунуш-пикирин укканга, алар менен диалог курууга ачыктыгын айтты. Мындан аркы иште алардын айткандарын да эске салып, караштыра тургандыктарын баса белгиледи.Иштин жүрүшүндө негизги басым, социалдык жайларга, транспортко жана жашыл аймактарды сактап калууга жасалмакчы. Эске салсак, Бишкек шаарынын башкы планы Санкт-Петербургдун аталган илим-изилдөө институту мененм биргеликте иштелип чыккан.