БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Европа Россия менен согушууга камданып жатат, андан улам континентти сактап калууга болор бекен деген маселе турат. Бул туурасында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто айтканын РИА Новости жазды.
"Евробиримдиктин стратегиялык документтеринде толук аскерий даярдык 2029-жылга чейин аяктоого тийиш экени жазылгандыктан, Европа менен Россиянын кармашы 2030-жылы болушу мүмкүн", — деди ал.
Сийярто элди 2026-жылы Венгрияда боло турган парламенттик шайлоого катышып, добуш берүүгө чакырды.
"Өзүбүз, кийинки муундар — балдарыбыз жана неберелерибиз XXI кылымдын ортосунда Европада согуштун шартында жашап калбашы үчүн мындайга жол бербеш керек", — деди Сийярто.
Венгриянын премьери Виктор Орбан да бул жаатта батыш саясатчыларынын жана ЖМКлардын билдирүүлөрүнө баам салып турганын айткан. Европанын Россия менен болуп кетиши ыктымал кармашына камданганын жана Брюсселдин аскердик планды жаап-жашырбай эле иштеп чыгып жатканын белгилеген.
РФ президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда Россия НАТОго мүчө мамлекеттерге кол салууга ниети да жоктугун айткан. Ал Батыштын аткаминерлери элин ички көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн бул ыкманы байма-бай колдонорун, бирок "акыл-эси ордунда болгон эли муну түшүнүп тургандыгын" кошумчалаган.
Россия соңку жылдары НАТОнун Батыш чектерде активдүүлүгү жогорулаганын белгилеп келет. Альянс кадамдарын кеңейтип, анысын "россиялык агрессияны ооздуктоо" деп атап жүрөт. Москва Европада аталган блоктун күчтөрүн көбөйтүп жатканына түйшөлгөндүгүн бир эмес, бир нече жолу айткан эле.
Кремлден Россия эч кимге тийишпей турганын, бирок анын кызыкчылыгына кооптуулук жараткандарды көңүл сыртында калтырбастыгын эскерткен.